Футбол боюнча Улуттук курама команда 2023-2024-жылдагы сезонго карата өзгөчө дизайн менен тигилген жаңы форманын бет ачарын өткөрдү. Бул тууралуу бүгүн, 10-августта Кыргыз футбол союзунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жаңы форманын бири Улуттук курама команданын символу Ак шумкардын элесин берген салттуу ак түстө болот. Ал эми экинчиси кыргыз оюулары түшүрүлүп жасалган, кызыл түстөгү форма.
Белгилей кетсек, Кыргызстан бул жылы 2026-жылы боло турган Дүйнө биринчилигине жана 2027-жылдагы Азия Кубогуна тандап алуу оюндарына катышат. Анда Кыргызстан Оман жана Малайзия менен бирге "D" тайпасында күч сынашат. Аталган тайпага төртүнчү болуп Тайвань жана Чыгыш Тимор беттешиндеги жеңүүчү өлкө келип кошулат.
Улуттук курама команда тандоо турдун алкагындагы алгачкы беттешин 16-ноябрь күнү Малайзияга каршы конокто өткөрөт. Ал эми 21-ноябрь күнү Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Оман менен ойнойт.