"Беларусь Бакиевдерди Кыргызстанга бербей, эл аралык келишимдерди аткарбай жатат" дейт Осунбек Жамансариев

"Беларусь Республикасынын бийлиги Курманбек Бакиев, Марат Бакиев, Жаныш Бакиевди Кыргызстанга экстрадициялабай, эл аралык келишимдерди аткарбай жатат",- деди бүгүн, 30-июлда маалымат жыйынында Апрель окуялары боюнча жабырлануучу тараптын өкүлү Осунбек Жамансариев.
"Өнүккөн мамлекеттерде жарандар статусуна карабай соттук чечимге олуттуу мамиле кылышат. Тилекке каршы, бизде мындай нерсе жок. Беларустун жетекчилигинин Бакиевдерди экстрадициялабоосуна башка мамлекеттердин башчылары көңүл буруп, эл аралык келишимдердин аткарылышын талап кылышы туура. Мындан тышкары биздин бийлик да бул багытта иштеши керек",- деди ал.
Айта кетсек, үч жарым жылдан ашуун убакыттан бери уланып келе жаткан сот отурумунун соңунда мурдагы президент Курманбек Бакиев, Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы башчысы Жаныш Бакиев, мурдагы премьер-министр Данияр Үсөнов өмүр бою эркинен ажыратылышкан. Курманбек Бакиевдин уулу Марат Бакиев "кызмат ордун мыйзамсыз таштап кеткен" деп табылып, 10 жылга кесилген.

Президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Каныбек Жороев, президенттин кеңешчиси Эльмурза Сатыбалдиев, мурдагы башкы прокурор Нурлан Турсункулов, президенттин катчылыгынын мурдагы жетекчиси Оксана Малеваная 10 жылга эркинен ажыратылышкан. Мурдагы коргоо министри Бакыт Калыевге карата кылмыш иши кыскартылган. Мамлекеттик күзөт кызматынын жетекчисинин мурунку орун басарлары Нурлан Тимирбаев менен Данияр Дунгановдор 25 жылга эркинен ажыратылышкан.

Атайын даярдыктагы “Альфа” бөлүгүнүн командири Алмаз Жолдошалиев 6 жылга эркинен ажыратылса, "Альфа” атайын кызматынын жана Мамлекеттик күзөт кызматынын айыпталып жаткан аскерлери акталышкан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (24)
ALAi..14
2014-07-30 12:42:36
Ой улууууу урматтуулар ким эле сиздердин эл аралык келишиминерди аткарды эле айткылачы,эл аралык келишимди талап кылбай эле койгулачы бари бир уккбайт сиздерди эч жак, эл аралык келишимди кое туруп элеге берген убадаларынарлы так аткаргыла калп эле эле актер болбой анан башка мамлекеттер эл аралык келишиминерди оздору эле аткарып калышат.
+4
aibek90
2014-07-30 13:38:22
Бакиевтерди берме да силер жазалай албайсынар бакиевтер анти минти минени кыйратып жатасынар силер бакиев иштеп турган убакта чек араларда бир да тополон болгон емес бакиев ел учун иштеген бакиевти алып келип кайра президент кылыш керек
+2
Jakai89
2014-07-30 13:45:34
Эх ашаны да башкасын да коробуз бийликтен кантип кетишер экен азыр калын креслодо жумшак диванда колунарга толтура акча кармап тургулачы убагы келгенде силер да бут омур эркинерден ажырайтырсынар .ошондо Беларусяга силерда барарсынар ..Кулбо кошунана келет башына деген соз бар силердин да башынарга келет бир кун .10жыл 20жыл деген кундор..бирок кутом ошол кундорду чыдамсыздык мн . А Бакиевке ден соолук узун омур тилейм
+1
Bekzamann
2014-07-30 13:59:08
Jakai89, туура айтасын. Ошондо Турция Белоруссиядай ташынды тер Кыргызстан дей албайтго себеби алардын коп бизнестери толтура Кыргызстанда.. Андыктан тообо кылып адал таза иштеш керек...
-1
zamir..
2014-07-30 13:47:24
Бакиевди алып келебиз деген бул жомок.ысык кол банкы бакиевтики болчу.а бакиев качканда андагы акчаларды ким тоногон.баары билет азыркы бийлик экенин.арандан качырып,андагы акчаларды бакиев алып кетти деп элге жар салган.бакиев келсе баары ачыкка чыкпайбы.анан бакиевди алып келебиз деген жомокту окуучуларга айтса балким ошолор ишенишмек
+1
MARGO55
2014-07-30 14:15:32
Бакиевди кууп жиберип мулкун конфискациялап(эл козуно)а так болушуп алганынар аннык эле ,жиндиге да белгилуу,же Бакиевтин мулкунон бюджетке мынча акча кошулду деп курук соз да чыкпады го,анан эле Апендинин жоруктарынан деп прям баардыгын омур бою эркинен ажыратып кыйратып отуруп калдынар эле,Кокуй соттоп салдык э деп,Эми окум чыгып алар соттолуп буткондон кийин калп эле ар жерге сойколо бербегилечи,бербей жатат тиги Бул деп,айыпты башкага коюп,берсе эле Бакиевтин Бир жерин узо кала тургансып!
+1
zamir
2014-07-30 18:27:49
Бакиевди эч качан алып келе албайсынар, ал эмне силердин ашынарды жеп атабы? ал деген улуу адам, ал келсе азыркы бийликтегилердин баарынын былык иштери ачылат. Бакиев эн мыкты президент болгон муну тарых тастыктайт!
+7
LISICHKA
2014-07-30 18:46:32
Эмне эле барын бакиев деп калдынар,жакшы убагында кууп жиберипбиз,дагы бираз отурганда мындан да жаман болмокбуз.Эми аларды бербей жатат деп чондор даттанат го энесине даттанган чимкириги куюлган жаш балача,отура бергиле оозунарды ачып,эненер алып берет белорусиядан.
-5
Dooron
2014-07-30 18:59:58
Колунарга ме деп карматса дагы алып келгенге эркинер (духунар)жетпестир!!! Алып келгенде абийринер тогулорун билесинер да. Ошондуктан Беларусияга шылтоолоп атасынар. Беларусяны жамандабай эле койбойсунарбы а!? Куйбогон жерди кул кылдынар ушул бийликтегилер.
+1
SayKal020101
2014-07-30 19:20:50
Bakievderdin bogun jegilechi siler!!!bir kunu kelip moinunardy julsa eken ylaim!!
0
LISICHKA
2014-07-30 19:49:20
SayKal020101, мойнун жулгудай бакиев баш кескич беле,андан коро чондордун жазасын кудайым берсин.
+2
Maite
2014-07-30 23:00:58
Биз айтканда эмне .Бакиев бар маалында кандай сонун жашадык эле,мектептерде тамак берилип .айта берсен жакшы эле жетишип келе жаткан элек .Бечара бизге окшошон карапайым элди курал катары колдонуп бее куноо канча жаштар олуп.кетти мына бийликке келишти эмнени кыйратышты ноборот болуп калды .Биз кыргыз элим эми баш которгон адамды коро албастык кылат экенбиз,пешенебизге дагы Россия бар иштеп кун коруп жатабыз .
-1
kaytmas
2014-07-31 00:51:57
Бакиев мыкты президент болуптур, Атамбаевге салыштырмалуу,азыркы бийлик не рыбо не мясо болуп атпайбы.
+2
LISICHKA
2014-07-31 11:59:15
kaytmas, бакиев болгондо азыр сен дунган болуп,КР-га дунган бийлиги орноп калмак.
0
aman80-11
2014-07-31 01:02:10
Тормоз болзонор бербейтда
0
dasdua
2014-07-31 04:25:37
Бакиевти эмне кыласынар алдырып куушунча кууп алып эми олтура бергиле Атамбаевинер менен.Керек болсо Бакиевтин бир тал чачына арзыбайсынар бутун ак уйунор мн
+1
Damirbek-KG
2014-07-31 11:36:25
Кызык сыртынан да эркинен ажыратса болот турбайбы, эмнени гана ойлоп тапппайт ээ амалкой бийликтегилер.
0
Shai
2014-07-31 13:57:40
Бакиевти эле сурай бербей, Акаевти да алып келгени аракет кылышса болбойбу. Баарын баштаган ошол Акаев болуп атпайбы.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан