Кечээ, 7-октябрда Бишкектеги Ч.Базарбаев атындагы хореографиялык окуу жайда балдардын бийи боюнча фестиваль өткөрүлдү.
Уюштуруучулар билдиргендей, ага республиканын бардык аймактарынан 3-10 жашка чейинки балдар катышты. Фестиваль Эл аралык кыргыз бий фестиваль-сынагынын алкагында уюштурулду.
Долбоордун максаты - кыргыз бийин өнүктүрүү, бий искусствосун жайылтуу.
Катышуучулар баалуу белектер жана грамоталар менен сыйланышты. Мындан тышкары фестивалга катышкан балдарга “Шаттык” балдар бий ансамбли жана “Ак шоола” балдар хору өнөрлөрүн көрсөтүштү.
Иш-чараны КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин колдоосунда “Улут жүзү” коомдук фонду уюштурду.