Бүгүн Бишкекте “Кыргыз эл бийи” сынагынын жарым финалы өттү

Бүгүн, 29-сентябрда Бишкек шаарында А.Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында “Кыргыз эл бийи” сынагынын жарым финалы өттү. Бул сынакка катышууга жалпысынан 70тен ашуун жеке бийчи жана топтор ниеттенип, өз видеоклиптерин жөнөтүшкөн. Калыстар тобунун кароосунан кийин бүгүн өткөн жарым финалга 17си (4 жеке бийчи, 13 бий тобу) өткөн. Ал эми алардын арасынан мыкты бийлерин көрсөтүп, финалга 7 катышуучу чыкты.

1-октябрдан 11-октябрга чейин интерактивдүү добуш берүү өтүп, жеңүүчүлөрдү эми калыстар тобу эмес, эл тандайт. Сынак 11-октябрда Кыргыз бийлеринин фестивалы менен жыйынтыкталат.

Уюштуруучулар финалчылар ким экени эртең жарыяланарын баса белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
kuba01
2014-10-01 20:40:09
Сонун чыгыптыр соз жок
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан