Бүгүн, 12-октябрда Бишкектеги Мамлекеттик тарых музейинин астында “Кыргыз эл бийи” аталышындагы сынактын жыйынтыктоочу гала-концерти болуп өттү. КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов режиссёрлук кылган концертте алып баруучулук милдетти Нурзат Токтосунова жана журналист Алмаз Касымалиев аркалашты. Шаңга бөлөнгөн кечеде кыргыз эстрада ырчылары Гүлзада Рыскулова, Гүлжигит Калыков, Назми, Азамат Сарыбаев жана Султан Садыралиев ыр сунушту. Кечеде кыргыздын "Талма", "Сынма", "Жалын", "Кара жорго" сыяктуу байыркы бийлерин бул таймашка катышкан өнөрпоздор аткарып беришти. Ошондой эле Ноокаттан келишкен “Уркуянын урпактары” элдик бий ансамблинин байбичелери, сынактын кенже катышуучулары көрүүчүлөрдү жагымдуу маанайга бөлөштү. Бул саамалыкка шаар тургундары жана коноктор күбө болушту.
Кыргызстанда биринчи жолу уюштурулган иш-чаранын максаты - кыргыз бийин жандандыруу, өнүктүрүү, элдик өнөрлөрдүн үлгүсүн сактап калуу, муундан-муунга өткөрүп берүү, кыргыз бий ышкыбоздорун колдоо.Иш-чарада аталган сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды. Уюштуруу тобу даярдаган дипломдорду жана акчалай сыйлыктарды Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев, маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов, дизайнер Замира Молдошева, Рустам Маманов жана башкалар тапшырышты.
“Назик” бий тобу, “Кыргыз бийи” – 200 миң сом;
Кыргыз Эл баатыры, манасчы Жусуп Мамайдын чөбөрөсү, бийчи Тургунаалы Жусуп Мамай, “Жалын бий” – 180 миң сом;
“Жаз” бий тобу, “Бий мерген” – 160 миң сом;
“Санжыра” бий тобу, “Жигиттер бийи” – 150 миң сом;
“Дилгир” бий тобу, “Куштун бийи” – 100 миң сом;
Анель, "Кара жорго", нукура кыргыз бийлери" – 80 миң сом;
“We next” бий тобу, “Оп майда” бийи – 80 миң сом.
"Назик" бий тобунун жетекчиси Назик Исраилова: "Бул биздин гана эмес, жалпы журттун жеңиши. Кыргыз бийинин нукура элементтерин калкка жайылтууга кошкон салымыбыз бааланып жатканына кубанычтабыз. Берилген сыйлыкты каякка жумшоону буга чейин ойлонгон эмес экенмин, эми ойлонуштурабыз",- деди.
Иш-чаранын соңунда ырчы Султан Садыралиев “Кыргыз бийи” аттуу ырын аткарып жатканда көрүүчүлөр сынактын жалпы катышуучулары менен бирге бийлешти.
Белгилей кетсек, бул сынакка SUPER.KG порталы маалыматтык колдоо көрсөттү.