Жакынкы күндөрү Ош облусунда дагы 3 орто мектептин имараты колдонууга берилет. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2014-жылы облуста 44 социалдык объектинин имараты пайдаланууга берилген. Жакынкы күндөрү Араван районунун Төө-Моюн айыл өкмөтүндөгү 400 орундуу мектеп, Ноокат районундагы 320 орундуу мектеп жана Өзгөн районунда Заргер айыл өкмөтүндөгү 225 окуучуга ылайыкташтырылган орто мектептин имараттары пайдаланууга берилет.