Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда мектеп окуучуларынын ортосундагы мушташтардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иш-чаралары уюштурулду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чараларга райондук билим берүү мекемелери, ИИМ, райондук башкармалыктын өкүлдөрү, директорлор, мугалимдер жана психологдор катышышты. Ар бир мектепте окуучулар менен атайын сабактар жана ата-энелери менен жыйындарды өткөрүү тапшырылды.
Эскерте кетсек, 21-январда кечинде Чаткал районундагы Каныш-Кыя айылынын 10-классынын окуучулары мушташып, алардын бири ошол жерден каза тапкан.