Бүгүн, 27-январда Бишкек шаарынын мэриясы Өнүгүү жана реконструкция европалык банкынын (ӨРЕБ) "Борбор калаада катуу тиричилик калдыктары боюнча системин жакшыртуу" долбоорунун негизинде 8 миллион еврого гранттык келишимге кол коёт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чарага мэр Кубанычбек Кулматов, каржы министри Ольга Лаврова, "Тазалык", "Бишкек санитардык полигону" ишканаларынын жетекчилиги жана аталган банктын өкүлдөрү катышат.
"2014-жылдын ичинде бардык тиешелүү министрликтер жана мекемелер менен макулдашуулар жүргүзүлгөн. Бул грант 2013-жылы КРнын Өкмөтү жана ӨРЕБдин ортосунда бекитилген долбоордук келишимдин бөлүгү болуп саналат. Жалпы сумма 22 миллион еврону түзөт",- деп кошумчалады мекеме.