Бишкек шаарындагы Көк-Жар кичи районунда эс алуу жайы ачылды. Бул тууралуу 27-январда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Жергиликтүү тургундар шаардык бийликтин өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирип, эс алуу жайындагы инфраструктураны жакшы сактоого убада беришти. Аталган жайдын ачылышына Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Алмаз Кененбаев чоң салым кошкон. Ал өз сөзүндө эс алуу жайын ачууга көмөктөшкөн кызматкерлерге ыраазычылыгын айтты.