“Катуу сабалган 2 жаштагы бала күнүгө 150 граммдай шорпо ичип калды, жылыш бар” дейт дарыгер

Катуу сабалып, зордукталган 2 жаштагы баланын абалында аз да болсо жылыш бар. "Ал өзүнө келе элек, бирок азыркы тапта күнүгө 150 граммдан шорпо берип жатабыз",- деп билдирди бүгүн, 27-январда SUPER.KG порталына борбордогу Шаардык медициналык тез жардамдын балдар клиникалык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнүн жетекчиси Альберт Кагарлицкий.

"Ал ооруканага түшкөндөн кийин 3-4 күн өткөндө аны дем алдыруучу аппараттан чыгарганбыз. Ошондон бери ал өз алдынча дем алууда. Бирок ал дале өзүнө келе элек. Бир нече күндөн бери биз ага бир күндө 3 жолудан кашык менен 50 граммдан шорпо ичире баштадык. Андан башка анын абалынан олуттуу өзгөрүү байкала элек. Учурда дарыгерлер баланы мээнин комасынан чыгаруу үчүн бардык аракеттерди жасоодо. Буюрса, жакынкы убакыт аралыгында ал сакайып кетет",- дейт А.Кагарлицкий. 

Эске салсак, 2015-жылдын 11-январга караган түнү шаардагы балдар ооруканасына 2 жашар бала оор абалда жеткирилген. Анын денесинде көптөгөн жарааттар болгон. Кийин жүргүзүлгөн соттук-медициналык экспертизадан баланын зордукталганы аныкталган. Күч органдары тарабынан бул кылмышка шектүү катары баланын тууганы кармалган. Ал 2 жаштагы баланы сабаганын моюнуна алып, бирок баланы зордуктаганын четке кагууда. Буга удаа эле кылмышка шектүүнүн жубайы да камакка алынган. Ал эми 2 жаштагы бала 11-январдан бери комада жатат. 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (24)
yasmina_kg
2015-01-27 12:52:55
Канча деген балдарды туугандарына калтырып жашоонун айынан иштегенге кетип жатышат.Ошол калган балдардын жашоосу кандай болду экен.Мынчалыка барбаса да зордук зомбулук коргондор бар болуш керек.Эч ким иши жок.Ата энесин мандайында эркелеп оскон балдар учун эн бактылуу кундор болуш керек.
+5
samidinova84
2015-01-27 13:47:32
Айыгып кетсинчи эртереек.Билбейм кандай энелер бар ааламда,бир отоло берип коймок тургай бир саатка ишенип таштабайм эркек адамга ымыркай кезинде.
+3
arzuu1
2015-01-27 14:23:12
Кагылып, эртереек жакшы болуп кет, келечекте кыргыз элинин сыймактанган жигити болуп, бактылуу омур сурсон экен ылайым!
+3
danyshman
2015-01-27 15:50:48
Ак-Талаа районунун Баетов айылында 1986-жылы туулган Ж.Б. аттуу жаран бир тууган байкесинин 8 жаштагы С.Б. аттуу кызын бир жылдан бери коркутуп, жыныстык катнашта болуп жүргөн.



Мындай маалыматты ХХХ Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Орозобек Молдосариев билдирди. Анын айтымында, кыздын ата-энеси ажырашып кеткен. Атасы кызын 1-топтогу майып инисиникине таштап, өзү Бишкекте иштеп жүргөн.



Учурда кылмышка шектw
0
admin_portal
2015-01-27 16:23:52
danyshman - эскертүү!
Курамы окшош сайттарды жарнама кылууга тыюу салынат.
-1
gulmi
2015-01-27 16:09:21
Жаратканга шугур,эми жакшы уйбулого туш келсе экен.Бул окуны унуткартып,кийин элден жаман соз укпагыдай чойродо тарбиялаган адамдарга туш кылса экен Жараткан.
0
saya
2015-01-27 16:57:44
Айыгып,бул кундорду корбогондой болуп кетсин.
0
Nurtilek001
2015-01-27 17:52:04
Жакшы жанылык экен айыгып кетсин тезирээк,байкуш баланын бул акыркы коргон кордугу жана кыйынчылыгы болсун,мындан нары бактылуу балалыкты башынан откорсун.
0
Nuri-Alina
2015-01-27 18:25:13
Жакшы кабар болду эртерек сакайып кет аллахым шыпа берсин
0
ainur78007
2015-01-27 18:28:07
Дуа кылалы, Аллах шыпаасын берсин. Коментарийлерди окуп, канчалаган адамдар айыгып кетишин тиленип атканына ыраазы болосун.
0
uulay
2015-01-27 19:25:22
Кудайга мин мертебе шугур!
0
Akjolbai110784
2015-01-27 20:23:36
Алла омурун берсин эч кандай куноосу жок наристенин .
0
suella
2015-01-28 03:53:04
Айыгып кет жаным менин .Аллах узун омур бактылуу балалык берсин.Менин балам менен тен экен окуп алып аябай ыйладым.
0
saulet2009
2015-01-28 07:33:21
Бул баланы бир эле жолу зордукталган эмес менимче,коптон бери эле ошентип келсе керек.Эрди катынды да ХХХ ХХХ керек, бул бала сакайып чыккан кундо да анын бутун келечегине балта чабылды.
0
admin_portal
2015-01-28 09:48:12
saulet2009 - эскертүү!
Провокация жарата турган билдирүүлөргө тыюу салынат.
-1
Aysuluuwa
2015-01-28 19:48:23
Айыгып кетет Кудайым буюрса!
+2
iris84
2015-02-17 20:07:35
зордогон акмактын ХХХХ ХХХХ экенго. эки жашар наристеге кантип колу барды айбан. Балакай тезирээк жакшы болуп кетсин узуу омур сурсун.
0
admin_superstan
2015-02-18 11:22:59
iris84, провокация жаратпай, этика нормаларын сактаңыз!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан