Эртең, 28-январда Бишкектин бир катар аймактарында электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, саат 9:30дан 15:00гө чейин борбордогу Көк-Жар конушундагы Арстанбап, Боогачы, Босого, Көк-Жайык, Көк-Жаңгак, Акылбекова көчөлөрүндө, ошондой эле саат 13:00дөн 15:00гө чейин Керамическая, Хмельницкий, Свободная көчөлөрүндөгү №1316-көмөк чордонундагы оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт. "Түндүк электр" ишканасы жумуш учурунда келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.