Ош шаарында шаарды жашылдандыруу жана көрктөндүрүү максатында жакынкы убакыт аралыгында ийне жалбырактуу дарактардын көчөттөрүн отургузуу иштери башталат. Бул тууралуу бүгүн, 28-январда "Жашылдандыруу" ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, былтыр шаар ичинде 1830 түп ар түрдүү бак-дарактардын көчөттөрү жана 31 800 түп бадалдын көчөтү отургузулган. Быйыл алардын санын эки эсе көбөйтүү пландалууда. Март айынан тарта борбордук көчөлөргө декоративдүү дарактарды жана бадалдарды отургузуу иштери башталат.