"Бизди Ооганстанга жиберген таякем туңгуч президентибиздин маалында президенттик аппаратта иштеген, азыр да чоң кызматта отурат. Адамдарды кулчулукка сатып жатышат, кайсы жакка арыз жазбайын, ишим жабылып калып жатат. Анын бардык жакта тааныштары бар". Мындай оюн бүгүн, 29-январда SUPER.KG порталына "мени Ооганстанга кулчулукка сатышты" деген Таалайбек Абдрахманов билдирди.
"Таякем Улан Боромбаев жана анын Салтанат, Нургүл аттуу карындаштары, жадакалса алардын энеси да адамдарды кулчулукка сатуу менен алектенишет. Карындаштары чет өлкөлөргө көбүнчө кыздарды алып кетишет. Мен Кыргызстанга кайтып келгенде таякеме бардым. "Бул эмне кылганыңар?" десем, "колуңдан келгенин кыл" деп жолго салды. Андан кийин мен президенттин аппаратына, Аламүдүн РИИБине, Аламүдүн райондук прокуратурасына, кийин Башкы прокуратурага, акыйкатчыга да кайрылгам. Менин арызымды караган 4 тергөөчү алмашты. Бирок эч майнап чыккан жок, тескерисинче, азыр тууганым мени өлтүрүп коёрун айтып коркутууда. Биз Гераттагы америкалыктардын базасынан кетип баратканыбызда биздин орунга башка 5 кыргызстандык келатканын айтышкан болчу. Менин оюмча, алар да биз сыяктуу кулчулукка сатылгандар болуп чыгышы мүмкүн",- дейт Т.Адрахманов.
Анын айтымында, эгер бул иш боюнча эч кандай майнап чыкпаса, ал кайрадан КРнын Президентинин аппаратына, премьер-министрге кайрылмакчы.