Кечээ, 29-январда саат 13:15те ӨКМнын Ош шаардык куткаруу кызматынын куткаруучулары 2015-жылдын 19-январынан бери дайынсыз болуп жаткан Мария Рыбалованы издөө иштерин Керме-Тоо тоосунда жана Ак-Буура-Араван каналында жүргүзүштү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, 1994-жылы туулган М.Рыбалованы издөө иштери бул күнү натыйжа берген жок.