Нарын шаарында башталгыч класстарда окуган 3 миңден ашык балага республикалык бюджеттен ысык тамак берилип жатат

Нарын шаарындагы мектептердин 1-4-класстарынын 3097 окуучусуна республикалык бюджеттин эсебинен ар бир балага 10 сом өлчөмүндө, жалпы 5 миллион 262 200 сомго ысык тамак берилип жатат. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, мектептерде окуучуларды ысык тамак менен камсыз кылуу боюнча мүмкүн болгон шарттар түзүлгөн. Окуу жылынын башталышы менен мектептерде жана балдар бакчаларында окуучуларды ысык тамак менен камсыз кылуу, азык-түлүк сатып алуу тендердик негизде өткөрүлөт.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан