"Адамдарды кулчулукка сатып жатат" деген сөздөр чындыкка дал келбейт" дейт айыпталуучу Улан Боромбаев

"Адамдарды кулчулукка сатып жатат" деген сөздөр чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу бүгүн, 2-февралда маалымат жыйынында тууганы тарабынан "адам саткан" деп айыпталган Улан Боромбаев билдирди.

“Жээним Таалайбек Абдрахмановдун алгачкы маянасы 550 доллар болгон. Кийинки айда ал айлыгын 1000 доллар кылсын деп, чогуу барган балдарды да тукуруп, 2 жума иштебей койгон. Анан ал жумуштан айдалып кеткен. Ал буга чейин элчиликтин жардамы менен кайтып келгендигин айткан. Бирок бул калп. Себеби аларды алып кеткен компания кайтып келүүгө көмөктөшкөн. Жээним кайтып келери менен "мени кулчулукка сатып жиберген" деп мага жалган жалаа жабууда”,- деди У.Боромбаев.

Кошумчалай кетсек, буга чейин Таалайбек Абдрахманов "туугандарыма ишенип, Ооганстанга кулчулукка сатылып кетип, 5 ай дегенде араң мекениме кайттым" деп билдирген. "Мени кулчулукка саткан таякем чоң кызматта иштейт, ошондуктан ал жоопко тартылбай жатат" деп кошумчалаган эле. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан