"Ооганстанга барып иштеп, бутуна туруп жаткандар деле бар" дейт мигрант

"Ооганстанга барып иштеп, мекенине кайтып, оокатын кылып жаткандар да бар". Бул тууралуу бүгүн, 2-февралда маалымат жыйынында "кулчулукка сатылып кетти" делген Таалайбек Абдрахманов иштеген аскер базасында эмгектенген Кубатбек Алымбеков билдирди. 

"Кулчулукка сатылып кеттим" деп айткан Таалайбек Абдрахманов иштеп келген Ооганстандагы аскер базасында ага чейин келгендер да бар. Азыркы күндө алар жакшынакай эле иштеп жатышат. Алар мекенине келип-кетип, унаа алып, үй-бүлөлөрүн багууда. Ал эми Таалайбек тууралуу айтсам, ал аскер базасынан сыртка чыгууга мүмкүнчүлүк жок болгондугуна нааразы болгон. Ал жакта иштеген балдардын айтымында, ал шаарды көргүсү келген. Анын үстүнө ал айлыгын көтөрүүнү талап кылган",- дейт К.Алымбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
deva
2015-02-02 17:11:48
Менин, 4 сиңдим, 1 иним ооганда иштеп келип, баары там, машина алышты. Бири чачтарач, бири маникюр жасап, бири официант болуп иштеп келишти. Жаман нерсени байкаган жокмун алардан, аң-сезими өсүп, англисче түш жоруп калгандарына сүйүндүм. Чыдаса барсын да, чынбы?
0
aibekkk
2015-02-02 17:33:24
deva,чыын
0
danyshman
2015-02-02 22:19:59
Жанар Акаев молодец,президентке катчы болуп,эми ошондон ары Аскар Акаев болуп кетбе ээ.
0
Rifle
2015-02-03 14:14:32
Даректен адашып калдыныз окшойт. :))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан