Жыл ичинде капиталдык курулуш боюнча 2014-жылдын курулуш иш планында жергиликтүү бюджеттен 78 миллион 347,1 миң сом каралып, 25 объектинин курулушу жүргүзүлгөн. Муну бүгүн, 2-февралда Ош шаарынын мэриясынын коллегиялык отурумунда биринчи вице-мэр Замир Аскаров билдирди.
"Жогорудагылардын ичинен 17си жаңы, 6 имарат мурда бүтпөй келген курулуш объектиси болуп эсептелет. Андан сырткары 8 курулуш объектиси кошумча курулуп, иш толугу менен аяктады. Алардын катарында Озгур айылындагы Алымкулов атындагы №33-мектебинин спорттук залы менен 240 орундуу кошумча окуу корпусу, Жапалак айылындагы 120 орундуу балдар бакчасынын курулушу бар экенин айтууга болот",- деди З.Аскаров.
Андан сырткары вице-мэр “Ош-Тазалык” муниципалдык ишканасы өткөн жылда жакшы иштерди аткаргандыгын белгиледи. Анын айтымында, өткөн жылы абоненттердин саны 2013-жылга салыштырмалуу 29 663 адамга көбөйүп, 177 577 адамды түзгөн.
"Абоненттерден топтолгон каражаттын суммасы да өсүп, натыйжада жыл ичинде 5 даана атайын автоунаа сатылып алынды. Ал эми "Шаарсвет" ишканасы тарабынан 12 100 метр көчөнү жарыктандыруу пландалып, натыйжада 16 540 метр жол жарыктандырылып, 4,8 миллион сомдук жумуштар аткарылган",- деп кошумчалады З.Аскаров.