Кыргызстан Социал-демократтар партиясынын коррупцияга каршы ички комиссиясы сойкукана деп табылган спорттук-көңүл ачуу борборунун ээси Турсунтай Салимовдун депутаттык мандатын токтотуп турууну талап кылды. Тиешелүү кайрылууну бүгүн, 3-февралда аталган комиссиянын өкүлү Ренат Самудинов жарыялады.
Анда төмөнкүлөр жазылган:
"КСДПнын депутаты Т.Салимовго таандык спорттук-көңүл ачуу борборунда болгон окуя боюнча массалык маалымат каражаттарында пайда болгон маалымат коомчулуктун үрөйүн учурду. Ал эми партиянын мүчөлөрү шайлоочулардын алдында ыңгайсыз абалда калышты. Партия мүчөлөрүнө жана анын колдоочуларына ар тараптан ар түрдүү сын-пикирлерди угууга туура келүүдө (албетте, эгерде башкаруучу партиянын биринде сойкукананын ээси депутат болуп жатса). Биз, КСДПнын мүчөлөрү, тергөө иштери аяктаганга чейин Т.Салимовдун депутаттык мандаты токтотулуп туруусун талап кылабыз. Эгерде ага коюлуп жаткан айып аныктала турган болсо, анда ал партиянын мүчөлүгүнөн чыксын. Себеби депутат болуп отурганга анын эч кандай моралдык укугу жок",- деген пикирде комиссия.
"Өкүнүчтүүсү, акыркы учурда депутаттардын катышуусунда болуп жаткан окуялар мыйзамдын бекемдигине жана пайдалуулугуна күмөн санатып, элдин мамлекеттик бийлик институттарына болгон ишеничин жоготууда. Жогорку Кеңештин депутаты Т.Салимов өзүнүн саясий маданияттуулугун көргөзүп, депутаттык мандатын өз ыктыяры менен тапшырат деп үмүттөнөбүз. Мындай кадамдар башка саясатчыларга үлгү боло алат эле",- деп кайрылат комиссия.
Эскерте кетсек, 27-январда борбор калаадагы Чыгыш-5 кичи районунда спорттук-көңүл ачуучу жайлардын бирине текшерүү жүргүзүлүп, анда көмүскө сойкукананын иштеп жаткандыгы аныкталган. Жогорку Кеңештин депутаты Турсунтай Салимов бул жай анын менчиги экенин ырастаган, бирок аны ижарага берип койгондугун баса белгилеген. Бир нече убакыт өткөн соң ИИМ эл өкүлүнө таандык саунаны ижарага алып, көмүскө сойкукана кылып иштеткен жаран жоопкерчиликке тартыларын маалымдаган.