Бүгүн, 3-февралда Каракол шаардык мэриясында "Терроризм жана экстремизмдин коомго болгон коркунучтары" деген аталыштагы тегерек стол болуп өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чаранын алкагында шаардагы диний кырдаал жана жер-жерлердеги диний чөйрөдөгү көйгөйлөр талкууланды. Иш-чарага мэриянын аппарат жетекчиси Р.Кыштообаев, Каракол шаарынын мэриясынын Этникалар аралык мамилелер боюнча кеңешинин жооптуу катчысы А.Майрыков, Каракол ШИИБинин 10-бөлүмүнүн ыкчам кызматкери Н.Каптагаев, Каракол шаарынын борбордук мечитинин өкүлү Р.Ыбыкеев, мечиттердин имамдары, аксакалдар сотторунун төрагалары, диаспоралардын өкүлдөрү катышты.