Бүгүн, 4-февралда борбордогу Ак-Өргөө конушунда электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, саат 9:00дөн 17:00гө чейин аталган конуштун Курманжан датка, Кырк-Кыз, Гагарин, Тимур Фрунзе, Ахунбаев көчөлөрүндө “Новоюжная” көмөк чордонунан тараган 10 кВт аба электр чубалгысын оңдоо иштери жүргүзүлөт.