Бишкектин мэри Кубанычбек Кулматов жаңы төрөлгөн кызына Дания деген ат койду. Бул тууралуу бүгүн, 4-февралда ал өзү журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, ага ар кандай сунуштар келген. "Интернетте кызыма ат коюу кызуу талкууланганына ыраазымын. Мен үчүн бул абдан жагымдуу окуя. Кызыма Канышай, Каныкей, Кания деген сунуштар түшкөн. Айрымдар Мерия (сөздөгү акыркы "я" тамгасына басым - ред.) деген өзгөчө атты сунушташкан. Бирок биз ата-эне катары "башкалар аны Мерия (басым "е" тамгасына - ред.) деп мазактайт" деген ой менен буга каршы чыктык",- деди мэр.