Орусиянын президенти Владимир Путин өлкө аймагында спайсты сатыкта жүгүртүү, сактоо, өндүрүү жана жайылтууга тыюу салган мыйзамга кол койду. Мыйзам долбоорунун демилгечиси В.Путин өзү экенин орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, мындан ары мындай зыяндуу заттарды колдонгондор мыйзам чегинде жазага кириптер болушат. Мыйзамда жаза катары же 2 жыл эркинен ажыратуу, же 30 миң рубль айып төлөөгө милдеттендирилет. Ал эми адамдардын тобун аталган затты колдонууга тартуу же кимдир бирөөнү ден соолугуна оор залакасын келтирген абалга жеткирүү фактыларында кылмыш жасагандарга 6 жыл эркинен ажыратуу же 5 жыл мажбурлап иштетүү чаралары көрүлөт. Же 200 миң рубль өлчөмүндөгү айып пул салынууга тийиш. Ал эми кимдир бирөөнүн өлүмүнө жеткирүүгө себепчи болгон тарап 8 жыл эркинен ажыратылат.
Айрым маалыматтарга ылайык, 2006-жылдан тарта Европа өлкөлөрүндө сатыкка чыккан спайс чөп иретинде сатылып, кийин химиялык заттар менен чеккенге даяр абалга келтирет. Ал марихуана сыяктуу психоактивдүү таасирге ээ. Орусияда канча убакыттан бери сатылып келатканы тууралуу так маалымат жок. Ошентсе да Орусиянын аймагында заттын кесепетинен өзүн өзү өлтүргөндөр, оор жаракат алгандар аз эмес.