"Кызымды зордуктаган зөөкүрлөр соттон акталып кетишти” дейт 14 жаштагы зордукталган кыздын энеси

Бүгүн, 5-февралда маалымат жыйынында жабырлануучу кыздын энеси Гүлзада Токтогазиева "7-класста окуган кызымды зордуктаган 2 жаран дале эркиндикте жүрөт" деп билдирди.

“Кызым Самараны былтыр 16-июль күнү кайним менен ажырашып кеткен Кымбат аттуу абысыным алдоо жолу менен бир үйгө алып барып, 2 таанышына зордуктатып койгон. Токтогул райондук соту абысынымды камакка алып, ал эми тиги 2 жаранды актап, бошотуп жиберди. Кызымды зордуктагандардын бири менин күйөөмдөн 2 жаш улуу, 40 жаштагы Азамат Токтошов болсо, экинчиси 26 жаштагы Максат Жумакалиев боштондукта жүрөт”,- дейт ал.

Анын айтымында, айыпталуучу тараптын жактоочусу анын кайнежеси менен бирге аларды алдап, коркутуу жолу менен белгисиз бир кагаздарга кол койдуртуп алган. Кийин сотто ал кагаздар тосмо арыз экени аныкталган.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
danyshman
2015-02-05 12:26:38
Тайырбек Сарпашедив Донецк жана Луганскка байланыштуу айткан сөзү үчүн,ошол Донецк,Луганскга 3 кунго алып барып таштап коюш керек да,ошондо согушту коруп айтбай калат беле мындай создорду.
-5
bazar
2015-02-05 13:44:59
danyshman, бул жерге кандай тиешеси бар ал сөздүн?..
+1
temirov76
2015-02-05 14:49:40
danyshman, сен комментарийди адашып жазып алган окшойсун,а бул темада соз кайсы зордукталган кыз жонундо болуп жатат,1 кундо эки уч зордуктоо жонундо жанылык окуй берип кайсысы экени да эстен чыгып калды?
0
samidinova84
2015-02-05 15:29:26
danyshman,темага жакшы конул буруп окуп,замандан артта калбан.
0
bayana1987
2015-02-05 19:58:50
Токтогул райондук сотторго 1 млн сом акча берип эркиндикте чыгып кеткенин айылдыктар дурбоп айтып журушот... демек алар камалбайт...мен ишенбейм...
+1
Ergeshev.77
2015-02-05 20:54:41
А эмне бизде Россиядыгыдай по факту деген мыйзам жокпу?
0
sabr
2015-02-08 01:44:36
апа ХХХ ХХХ ХХХ... сот сот эмес да ыйман жок да аттигин
0
admin_portal
2015-02-09 09:47:24
sabr - эскертүү!
Провокация жарата турган билдирүүлөрдү жазуудан алыс болсоңуздар.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан