Максат Чакиев: "Өткөн жылы Кыргызстанга келген туристтердин саны 1 миллиондон ашты"

Туризм тармагында 2014-жыл рекордду жаңылоо жылы болду. Мындай ойду Бишкекте өтүп жаткан маданият кызматкерлеринин республикалык кеңейтилген кеңешмесинде КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин директору Максат Чакиев билдирди.

“Эгемендүүлүккө жеткен жылдары Кыргызстанга келген туристтердин саны 100-200 миңге гана жетсе, 2014-жылы алардын саны 1 миллиондон ашты. Ошондой эле 2014-жылы Чолпон-Ата шаарында өткөн Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна бюджеттен 2 миллион доллар сарпталса, ал иш-чарадан жалпы 9 миллион 900 миң сом пайда түштү”,- деди Максат Чакиев. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Sadyrov_n93
2015-02-05 22:36:02
Откондо эле 4миллион деп атышпады беле!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан