Зордукталган 14 жаштагы кыз психикалык жактан жабыркап жатат. Бул тууралуу бүгүн, 5-февралда маалымат жыйынында "Сезим" кризистик борборунун жетекчиси
Бүбүсара Рыскулова билдирди.
"Учурда бул кыз апасы менен биздин борбордо баш калкалоодо. Ал психикалык жактан катуу жабыркап калган. Ал бир нече жолу өзүн өзү өлтүрүүгө аракет кылган. Апасынын айтымында, анын туруп-туруп ырдап, ыйлаган учурлары да болууда",- дейт Б.Рыскулова.
Анын айтымында, бул үй-бүлө сот процессинде өздөрүнүн сабатсыздыгынан улам жабыркап калышкан.