"Кызымды зордуктаткан абысыным
Кымбат Мырзатова мурда да жаш кыздарды ар кимге зордуктатып жүрүптүр. Менин кызым анын жиндилигинен жабыркаган төртүнчү кыз экен". Бул тууралуу бүгүн, 5-февралда
SUPER.KG порталына 14 жаштагы зордукталган кыздын энеси
Гүлзада Токтогазиева билдирди.
"Кымбат бизге келин болуп келгиче эле жеңил-желпи жашоо менен жашачу экен. Муну анын айылдаштары бул окуя болгондон кийин айтышты. "Бул кызды эмнеге келин кылып алдыңар?" деп таң калгандар да көп болгон. Биз анысын кайдан билиптирбиз... Ал бизге 18 жашында келин болуп, жапжаш бойдон келген да. Анын үстүнө кызым менен мамилеси жакшы болчу. Кайним экөө ажырашкандан кийин ал күйөөсүнөн өч алуу үчүн кайын сиңдилерин шерменде кылып, уят кыларын айткан экен. Биз убагында ал сөзүнө анча маани бербептирбиз",- дейт Г.Токтогазиева.
Анын айтымында,
кызды зордуктагандар окуя болгондон кийин 2 айдан кийин гана камакка алынышкан. Кызы 15 күн ооруканада жатканда да эч ким келген эмес, алардын абалын эч ким сураган эмес. Кызын зордуктагандардын ата-энелери менен милициядан жолугушкан. Ошол жерден гана алар кечирим сурашкан экен. Кийин жабырлануучу тараптын сабатсыздыгынан пайдаланып, кызынын дарысына, балдарына жардам деп 300 миң сом беришкен. Бул акчаны жабырлануучу үй-бүлөнүн кайнежеси алып берген.
"Абысыным бул окуядан кийин 4 ай дегенде араң табылды. Аны да өзүбүз издеп жүрүп араң таптык. Ал кара чачын сарыга боёп, кыска кылып кестирип алыптыр. Ал борбордогу Кулиев көчөсүндөгү сойкуканалардын биринде иштеп жатыптыр",- деп кошумчалайт Г.Токтогазиева.
Учурда жабырлануучу тарап прокуратурага жана тиешелүү мекемелерге кайрылып, бул ишти борбор калаадан кароо өтүнүчү менен кайрылмакчы.