Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаевдин кезектеги эл менен жолугушуусу Сулайман-Тоо аймактык кеңешинде болду. Бул тууралуу бүгүн, 5-февралда шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолугушуунун алкагында аталган аймактын тургундары мэрге өздөрүнүн көйгөйлөрүн айтып, суроолорун узатышты. Аталган аймактык кеңештин айрым көчөлөрүндөгү канализация, балдар аянтчасын куруу маселелери айтылып, жетекчилер менен биргеликте талкууланды.
“Өткөн жылдын ийгиликтери арбын. Сиздерге белгилүү болгондой, жылдын башында 2014-2017-жылдарга карата Ош шаарын өнүктүрүүнүн программасын кабыл алган элек. Жыл бою мына ушул программанын негизинде иш жүргүзүлдү. “Ош-Тазалык” муниципалдык ишканасы өткөн жылда жакшы иштерди аткарды. Абоненттердин саны 2013-жылга салыштырмалуу 2014-жылы 29 663 адамга көбөйүп, 177 577 адамды түздү (2013-жылы 147 914 адам болгон). Ал эми абоненттерден топтолгон каражат да өсүп, натыйжада жыл ичинде 5 автоунаа сатып алууга жетиштик. Ал эми «Шаарсвет» ишканасы тарабынан 12 100 метр көчөнү жарыктандыруу пландалган болсо, иш жүзүндө 16 540 метр жол жарыктандырылып, 4,8 миллион сомдук жумуштар аткарылган”,- деди А.Кадырбаев.
Жергиликтүү тургундар тарабынан айтылган маселелерди көзөмөлдөп, аткарууну калаа башчысы тийиштүү жетекчилерге тапшырып, тургундардын кайрылуулары жоопсуз калбайт деп баса белгиледи.