Бүгүн, 5-февралда маалымат жыйынында "Кыргыз чоролору" уюму анын ишмердүүлүгүнө байланыштуу милиция тарабынан
кылмыш иши козголгонун тастыктады.
Уюмдун мүчөсү Замирбек Көчөрбаевдин айтымында, кылмыш иши уюмга карата эмес, факты боюнча козголгон. "Биздин мүчөлөр түшүндүрүү каттарын жазышууда. Ал эми "Таатан" ишканасынын жанында эс алуучу жайда рейд жүргүзгөнүбүз боюнча кылмыш иши козголгону чындыкка туура келбейт, анткени мүчөлөрүбүз суракка чакырылган эмес",- деди активист.