"Кыргыз чоролору" уюму алардын ишмердүүлүгүн бурмалап көрсөткөн журналисттер кечирим сурашпаса, сотко берүүгө даяр

Бүгүн, 5-февралда "Кыргыз чоролору" уюму маалымат жыйын өткөрүп, анын сөзүн бурмалаган массалык маалымат каражаттарын сотко берүүгө даяр экенин билдирди.

Уюмдун башчысы Кубанычбек Дүйшеевдин айтымында, айрым журналисттер жакында "Кыргыз чоролору" катышкан жыйында башка бир адамдын айткан сөзүн ал жетектеген уюмга "чаптап" коюшуптур. "Мындан улам коомчулукта биздин ишмердүүлүгүбүз боюнча туура эмес, терс ой-пикирлер жаралып жатат",- деди Дүйшеев.

Ал кошумчалагандай, эгер "Кыргыз чоролорунун" сөздөрүн бурмалаган ММКлар жакынкы арада кечирим сурашпаса, сотко берүү вариантын карашмакчы.

"Кыргыз чоролорунун" мүчөсү Зарылбек Жумагазиевдин билдиришинче, уюмдун негизги максаты бир гана кыргыз кыздарын эмес, башка улуттагы кыздарды сойкулуктан коргоо болуп саналат. "Сойкулук кыргыздарда эч качан болгон эмес!"- деген пикирде ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
brend007
2015-02-05 16:01:57
мен да кошулам. азаматсынар чоролор
0
ALIK-BRO
2015-02-05 18:43:09
Башка нерселерди да карасанар. Жакшы болмок.
+2
Almaz_kg
2015-02-06 03:48:44
Кайсы ММКлар каршы чыгып жатыптыр?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан