"Биздин кризистик борбордо былтыр 390 адам жашап кетти. Жыл ичинде 3 миңге жакын адам ар кандай жардам сурап кайрылды. Үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылгандарды сураштырып, иликтеп келсек, алардын зордукталганы аныкталууда". Бул тууралуу бүгүн, 5-февралда
SUPER.KG порталына "Сезим" кризистик борборунун жетекчиси
Бүбүсара Рыскулова билдирди.
"Кризистик борбордо баш калкалап кеткендердин 55 пайызын жашы жете элек балдар түзөт. Бизге кайрылгандар 14төн 70 жашка чейинки жарандар. Алардын басымдуу бөлүгү кеңеш сурап кайрылышат. Андан сырткары ишеним телефону да тынымсыз иштейт, ар кандай соттук териштирүүлөргө да катышабыз. Эгер бул сыяктуу кризистик борборлорго мамлекеттик деңгээлде колдоо көрсөтүлсө, жабырлануучулар жер-жерлерде тиешелүү жардамдарды өз убагында ала алышмак",- дейт Б.Рыскулова.
Анын айтымында, өлкө аймагында акыркы жылдары үй-бүлөлөрдөгү зордук-зомбулук күч алууда. Бул жагдай зордук-зомбулукка кабылган балдардын өмүрүнө залакасын тийгизип жатат. Алар өз убагында психолог, психотерапевт сыяктуу адистерге кайрылбагандыктан, алардын тагдырлары да талкаланууда.
"Мындай нерселерди жоюу үчүн өлкөнүн жер-жерлеринде кризистик борборлордун санын көбөйтүү зарыл. Себеби эч жактан жардам ала албай калгандар шаарга келип жардам суроого мажбур болушат",- деп кошумчалайт Б.Рыскулова.