Быйыл Ош шаарындагы билим берүү тармагына 96,5 миллион сом кошумча каражат каралууда

Ош шаарындагы билим берүү тармагына 2015-жылга 96,5 миллион сом кошумча каражат каралууда. Бул тууралуу бүгүн, 5-февралда Ош шаарынын 2015-жылга карата бюджети боюнча коомдук угууда Ош шаардык кеңешинин Бюджет, экономикалык каржы маселеси боюнча туруктуу депутаттар комитетинин төрагасы Бекмурза Эргешов билдирди.

"Ош шаарындагы билим берүү тармагына 2015-жылга 312 миллион 121,2 миң сом каражат каралууда. Бул көрсөткүч 2014-жылга салыштырмалуу 96,6 миллион сомго көп. Анын ичинен мектептердеги 1-4-класстарда окуган окуучулардын тамак-ашына 28,2 миллион сом, орто билим берүү мекемелериндеги мугалимдердин коммуналдык төлөмдөрүнө, жеңилдиктерин төлөөгө 10 миллион 963 миң сом, бюджеттик мекемелердин коммуналдык төлөмдөрүнө 16 миллион сом керектелгендигине байланыштуу атайын каражаттар 42 миллион сомго көбөйдү”,- деди Б.Эргешов.

Маалымат үчүн: Ош шаарында 49 мектеп, 2 мектеп-интернаты, 1 толук эмес мектеп, 3 музыкалык мектеп, 5 спорттук мектеп, 34 балдар бакчасы, 1 усулкана, 2 балдар үйү, 2 балдар менен мектептен сырткары иш жүргүзүү мекемеси бар. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан