Бишкек шаарынын Санитардык-экологиялык инспекциясы тарабынан өткөрүлгөн кезектеги рейддин жүрүшүндө “Мандарин-2” интернет-клубунун кызматкерлеринин шаарды көрктөндүрүү эрежелерин одоно түрдө бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу 5-февралда мэриядан билдиришти.
Маалыматка караганда, борбордогу 8-кичи райондун №18-үйүнө жанаша жайгашкан интернет-клубдун аймагы антисанитардык абалга жеткен. Ошондой эле имараттын батыш тарабында суюктук калдыктары үчүн чуңкур казылган. 2014-2015-жылдарга кургак тиричилик калдыктарын чыгаруу үчүн “Тазалык” ишканасы менен келишим түзүлгөн эмес.
Жыйынтыгында интернет-клубдун администратору Н.А.Кровековойдун атына Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексинин №489-беренеси боюнча протокол түзүлүп, Октябрь райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.