Бүгүн, 5-февралда шаардагы №21-мектепте өткөн “Башталгыч таалим-тарбия – улуу максаттардын башаты” аттуу семинарда “Коррупция - 21-кылымдын илдети” аттуу коррупциянын алдын алуу залынын ачылыш аземи болду. Шаардык билим берүү башкармалыгынан кабарлашкандай, аталган зал окуучуларга башталгыч билим берип баштаганда эле коррупция арам иш, адамдык мыкты сапаттарга кирбей тургандыгын жана кылмыш экендигин үйрөтүү максатын көздөйт.
Мындан тышкары башталгыч класстын мугалимдерине тажрыйба алмашуу максатында ачык сабактар көрсөтүлдү. Соңунда окуучулардын акысыз тамактануусунун жүргүзүлүшү жөнүндөгү маселелерди талкуулашты.
Аталган семинарга Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын кызматкерлери жана шаардагы мектептердин башталгыч класстарынын окуу бөлүм башчылары катышты.