Чүй облусуна караштуу Жайыл районундагы 36 тонна бензин ташып бара жаткан унаанын өрттөнүшү “Сосновка- Төө-Ашуу” аба электр чубалгысынын ишине залакасын тийгизген. Чубалгыдагы оңдоо иштерине байланыштуу бүгүн, 5-февралда Суусамыр өрөөнүндө саат 15:30дан 18:30га чейин электр жарыгы үзгүлтүккө учураган. Оңдоо иштери учурунда “Төө-Ашуу” тоннели автономдук булактардын жардамы менен күнүмдүк режиминде иштеп жатат. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.