Борбордогу укук коргоо органдарынын кызматкерлери, Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов 5-февралда Көлмө, Бугу-Эне-Багыш, Жеңиш, Алтын-Бешик конуштарынын жашоочулары менен жолугушту.
Иш-чарага Биринчи Май райондук администрациясынын башчысы Аскербек Алиев, Бишкек ШИИББинин башчысы Кашкар Жунушалиев, Биринчи Май РИИБинин башчысы Канат Жумагазиев катышты. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жолугушууда милиционерлердин ишмердүүлүгү, конуштардагы тургундардын ар тараптуу көйгөйлөрү талкууланды. Жашоочулар аймактык тескөөчүлөрдүн иши тууралуу айтып жатып, көчөдө көп убакыт жүргөн өспүрүмдөр менен тыгыз иштешүү керектигин баса белгилешти.