Бирдиктүү “112” кызматынын “кара тизмеси” түзүлөт

Бирдиктүү “112” кызматынын “кара тизмеси” түзүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 6-февралда ӨКМдан билдиришти.

Маалыматка караганда, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун “112” Бирдиктүү мамлекеттик нөөмөт-диспетчердик кызматына 2015-жылдын 4-февралынан 5-февралына чейин бир суткада жалпысынан 278 телефон чалуу келип түшсө, алардын 236сы жалган чалуулар болгон. Адистер жалган чалуулардын көбүн жаш балдардын ойноп чалуулары жана чукул кырдаалга тиешеси жок чалуулар түзгөнүн айтышат. Ошондуктан Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандардан “112” кызматынын телефонуна жөнү жок чалууларды токтотууну суранат. Анткени жөнү жок телефон чалып, линияны жана адистердин убактысын алып жатканда, башка жакта жардамга өтө муктаж жаран болуп калуусу мүмкүн экендигин эскертет. Ошону менен бирге эле акыркы бир айдагы чалуулардын анализи чыгарылып, анын жыйынтыгы менен атайын “кара тизме” түзүлүп, кайра-кайра ойноп чалып, адистердин убактысын алган телефон номерлер аркылуу чалуулар кийин кабыл алынбайт жана алардын телефон номерлери да жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу калкка жарыяланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
brend007
2015-02-06 11:20:46
колдойбуз
0
Jyrgal_msk
2015-02-06 18:43:30
Россияда жалган чалуу болсо,баланын ата-энесине айып салынат.Бизде да ошондой кылып коюш керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан