Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак жай куруу департаментинин кезектеги текшерүүсүндө Көк-Сай көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин мыйзамсыз орнотулган темир тосмосу алынды. Бул тууралуу бүгүн, 6-февралда аталган департаменттен билдиришти.
Маалыматка ылайык, “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” мыйзамын бузгандыгы үчүн үй ээсине, 02.12.2014-жылдын №0862-токтомуна ылайык, эреже бузууларды четтетүү жөнүндө эскертүү берилген. Жеке турак жай куруу департаментинин эскертүү талабын аткарууда аталган үйдүн ээси тосмосун өз ыктыяры менен алып, кеңейтилген жер тилкесин баштапкы абалга келтирди.