Улуттук статистика комитети 2015-жылы аткара турган милдеттеринин тизмесин түздү

Бүгүн, 6-февралда Улуттук статистика комитетинин 2014-жылдын жыйынтыгын чыгарууга багытталган жыйынында 2015-жылкы иш планы менен тааныштырды. Аталган мекеменин башчысы Акылбек Осмоналиев өз сөзүндө төмөнкү негизги милдеттер аткарылары пландалып жатканын айтты:
* 2013-2017-жылга Туруктуу өнүгүү боюнча улуттук стратегияны ишке ашыруу алкагында өз иш пландарын аткаруу;
* 2015-жылга Статистикалык жумуштар программасын жүргүзүү;
* Электрондук отчёт берүүнү ишке киргизүү;
* Евразиялык экономикалык союзга мүчө мамлекеттери менен соода жүргүзүүнүн статистикасын уюштуруу жана алып баруу боюнча иш-чараларды өткөрүү;
* Турак жай фонду жана калкты пилоттук (сыналуучу) каттоого тиешелүү методологияны жана инструментарийди даярдоо.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан