Бүгүн, 6-февралда саламаттык сактоо министринин орун басары Марат Калиев Л.Фомова атындагы Социалдык коргоо боюнча коомдук бирикмесинин өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө сапаттуу медициналык жардам алып жаткан пенсионерлер жана аз камсыз болгон жарандардын көйгөйлөрү талкууланды. М.Калиев өз сөзүндө аталган уюм менен көбүрөөк жолукканга аракет кыларын убада кылды.