Ошто активдүү кыздардын демилгеси менен “Абийириңди жашыңдан сакта!” деген темада тегерек стол уюштурулду

Ош шаарындагы №3-мектеп-гимназиясынын 8-11-класстарынын кыздары шаардагы “Демилгелүү ишкер аялдар” жана “Ажарлуу аялзат” коомдук фонддору менен биргеликте “Абийириңди жашыңдан сакта!” деген темада тегерек стол уюштурушту.

Билим берүү башкармалыгынан кабарлашкандай, бул тегерек стол бүгүнкү күндө өспүрүм кыздардын зордук-зомбулукка көп кабылып жатканын талдоо, алардын укуктары жана кыздардын жүрүм-турумунун бузулуш себептери жөнүндө түшүндүрмө берүү максатында уюшулган. Анда чогулгандар кыздардын эрте турмушка чыгуусу да күч алып бараткандыгын баса белгилеп, ошондой кырдаалга туш келип калган учурларда өздөрүнүн укуктарынын тебеленишине жол бербей, каршылык аракеттерин жасоо маанисиндеги ойлорду ортого салышты.

Окуучу кыздар да өздөрүн түйшөлтүп келген суроолорун узатышып, зордуктоо фактысы боюнча кылмышка тартылгандарга башка кылмышкерлерге сабак боло тургандай күчтүү жаза колдонулса деген сыяктуу сунуштарын билдиришти.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Aselina_kg
2015-02-06 17:32:56
Жакшы демилге болуптур
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан