Өкмөт жооп берет: Кыргызстан Евразиялык экономикалык союзга киргенден кийин оң рулдуу унааларды дагы канча убакыт айдай алабыз?

Урматтуу колдонуучу, сизде өкмөткө, ага тиешелүү министрликтерге берилүүчү суроолор жана чечилбеген маселелер барбы? Анда «Суперстандагы» «Өкмөт жооп берет» бөлүмүнө суроолоруңузду калтырыңыз. Суроолоруңузга тиешелүү тармактардын адистеринен жооп алып берүүгө даярбыз. 

Суроо: - Кыргызстан Евразиялык экономикалык союзга (ЕАЭС) киргенден кийин оң рулдуу унааларды дагы канча убакыт айдай алабызСуроо калтырган yrchy_jigit.

Жооп: - Кыргыз Республикасында катталган оң рулдуу автоунааларды айдоо мөөнөтү чектелбейт. Жогорку Кеңеште талкууланган мыйзам оң рулдуу унааларды КРнын аймагына башка өлкөлөрдөн (ЕАЭСке мүчө мамлекеттеринен тышкары - ред.) алып келүүгө чектөө тууралуу. Демек, айдоочулар оң рулдуу унааларын бузулуп же жүрбөй калмайынча айдай беришет.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңеш 28-январда Кыргызстанга оң рулдуу унааларды алып кирүүгө тыюу салчу мыйзамды кабыл алган. Андан соң ал президентке жөнөтүлгөн.

Суроого Кыргыз Республикасынын ИИМинин Жол-кайгуул кызматынын басма сөз катчысы Тилек Оторов жооп бердиЭгер сизде да суроолор болсо, анда "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
nuru95kg
2015-02-06 18:52:13
админ! патент жонундогу суроомо качан жооп алып бересинер?
+1
admin_portal
2015-02-09 09:44:56
nuru95kg, Саламатсызбы!
Эгер сурооңузду "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө калтырган болсоңуз жакын арада алып бергенге аракет кылабыз. Эгер ал жакка калтыра элек болсоңуз төмөндөгү шилтеме аркылуу өтүп, тиешелүү бөлүмгө калытырп койсоңуз: http://www.super.kg/superstan/index.php?showforum=81
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан