Ош шаарындагы Жолон Мамытов атындагы Журналисттер аллеясына 200дөн ашуун арчанын көчөтү отургузулду. Бул тууралуу бүгүн, 6-февралда Ош шаардык Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу комбинатынын директору Айгүл Наватова билдирди.
"Ош шаарына быйыл 5 миң ар түрдүү бак-дарактардын көчөтү, 2,5 миң түп арча жана 60 миңдей ар түрдүү гүлдөрдүн, бадалдардын жана декоративдүү дарактардын көчөттөрү тигилет. Ошондой эле "Жашылдандыруу" комбинатында кыйыштырылып өстүрүлгөн гүлдөр да отургузулмакчы. 17-февралдан тарта шаар ичинде шаарды жашылдандыруу жана көрктөндүрүү максатында ийне жалбырактуу дарактардын көчөттөрүн отургузуу иштери башталат",- дейт А.Наватова.
Иш-чарага шаар мэри, жергиликтүү мекемелердин жетекчилери жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты.