Эл сүрөтчүсү Жоомарт Кадыралиевдин үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөтүлдү

Кыргыз Республикасынын Эл сүрөтчүсү Жоомарт Кадыралиевдин үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 7-февралда КРнын Президентинин аппаратынын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирди.

Маалыматка караганда, тиешелүү буйрукка өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев кол койгон. Жоомарт Кадыралиевдин каза болгондугуна байланыштуу анын үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөтүү үчүн президенттин социалдык коргоо жана колдоо фондунан 100 000 сом бөлүндү.

Айта кетсек, 5-февралда Кыргыз Эл сүрөтчүсү, III даражадагы Манас орденинин ээси, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Жоомарт Кадыралиев дүйнө салган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан