Орусиядагы жол кырсыгынан каза тапкан мекендештердин сөөгү бүгүн Ошко жөнөтүлдү. Бул тууралуу 9-февралда ӨКМдан билдиришти.
Маалыматка караганда, каза тапкандардын сөөгү бүгүн саат 05:50 чамасында Кыргызстандын аймагына өткөн. Саат 07:30да Кара-Балта шаарынан Ошко жөнөтүлгөн.
Айта кетсек, жол кырсыгы 5-февраль түнү болгон. Анда Урал унаа жолунун 14-чакырымында жүк ташуучу унаа менен Газель үлгүсүндөгү унаа сүзүшкөн. Анын кесепетинен 7 адам жабыркап, 5 адам каза болгон. Каза болгондор Кыргызстандын жарандары.
Каза тапкандардын тизмеси:
1979-жылы туулган Акым Маминов;
1959-жылы туулган Бахретдин Шарипов;
1998-жылы туулган Шерали Нажимутдинов;
1995-жылы туулган Көчкөнбай уулу Исломбек;
Исламбек Кусумбаев.