Борбордогу "Жеңиш" аянтына жана Уркуя Салиеванын эстелигинин жанына карагайлар отургузулду. Бул тууралуу бүгүн, 9-февралда шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, узундугу 5,5 метрден 12 метрге чейин жеткен 7 Тянь-Шань карагайы "Манас" аба майданы тарабынан Улуу Ата Мекендик согуштун 70 жылдыгын белгилөөгө белек катары берилген. Белгилүү болгондой, 4 карагай "Жеңиш" аянтына, ал эми калган үчөө Уркуя Салиеванын эстелиги турган гүл бакчага отургузулду.