Айыл чарба министри айдап-себүү иштеринде былтыркыга салыштырмалуу ыкчам аракет кылуу керектигин белгиледи

Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин жыл жыйынтыгын чыгарган жыйынында министр айдап-себүү иштеринде былтыркыдан да мыкты аракет кылуу керектигин белгиледи. Бул тууралуу бүгүн, 9-февралда аталган министрликтен кабарлашты.  

Маалыматка ылайык, жыйында департаменттердин отчёту талкууланып, айдап-себүү иштерине кандай даярдыктар болуп жаткандыгына да баа берилди. Министр Таалайбек Айдаралиев 2015-жылдын жылдык түшүмү үчүн күздүк айдап-себүү иштерине маңыздуу маани берүү менен былтыркы жылга салыштырмалуу быйыл ыкчам аракет кылуу керек экендигин белгилеп өттү. Ошону менен бирге күздүк айдап-себүү иштерине жаңы ыкма киргизүү чегинде тургандыгын кошумчалады. 2014-жылы кургакчылык болгондугуна байланыштуу бул жылы ар бир аймактын суу чарба башчыларын өз иштерине так жана чоң жоопкерчилик менен кароого чакырды. Жайыт департаментинин бир жыл ичинде жасалган жумуштарын карап чыгуу менен келерки жайкы мезгилдеги чабандардын жайыттарга отурукташуу мезгилин тактоо жана ар бир чабандын малдарынын эсебин тактап, ошол эле учурда убагында мал доктурдун көзөмөлүнөн өткөрүп туруусун тапшырды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
tapkych85
2015-02-09 14:37:41
жер семирткичтер эмне болот экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан