Көзү азиз балдардын Куранды үйрөнүүсүн шарттай турган китеп даярдалууда

Бүгүн, 9-февралда Ош облусунун казысы Ниязали ажы Арипов Ош шаарынын тургуну Умаржан Иманбердиевди кабыл алды. Жолугушууда У.Иманбердиев Көзү азиздер үйүндө тарбияланып жаткан балдар үчүн Куранды окуп үйрөнүүгө багытталган "Муаллим Сали" жана Куранды окуунун эрежелери боюнча алиппе китептерин даярдай баштаганын билдирди.

Облустук казыяттан кабарлашкандай, аталган китептерди көбөйтүп чыгарууда чет өлкөдөн атайын алынып келинген «Брайн» аппараты колдонулат. Андыктан аппаратка программаны кийирүүгө акча каражатынын тартыштыгы маселе жаратып келгенин билдирди. Бул маселени облус казысы казыяттын эсебинен чечип берүүнү убада кылды. Жогоруда аталган китептер ушул жылдын жай айларына чейин даярдалып бүтүшү зарыл. Анткени даярдалган китептер Ош облусунун мусулмандар казыяты менен Ош мамлекеттик университетинин теология факультети биргеликте уюштура турган көзү азиз балдардын жайкы лагеринде окуу куралы катары таратылып берилмекчи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
fora
2015-02-09 17:18:11
Азаматтаар жакшы кыласынар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан