Майлуу-Суу шаарында сибирь жарасынын катталышы боюнча карантин жарыяланды

"Майлуу-Суу шаарында сибирь жарасы катталды" деген божомолго ылайык, учурда бардык ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча тартипке ылайыктуу иш-чаралар жүргүзүлдү. Натыйжада үстүбүздөгү жылдын 5-февралынан тартып шаарда карантин жарыяланганын бүгүн, 9-февралда республиканын башкы ветеринардык инспектору Ашырбай Жусупов билдирди. 

Анын айтымында, азыркы тапта бардык карантиндик шарттар катуу көзөмөлгө алынган жана жарандардын өзгөчө кооптонууларынын кереги жок. Майлуу-Суу шаарынын Көк-Таш айылынын сибирь жарасынын алдын алуу үчүн Ноокен районунун ветеринардык кызматчылары тарабынан Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын буйругу менен чектөө коюлду жана атайын иш-чара иштелип чыгып, көчөгө эки милициялык пост уюштурулду. "З.Мирзалиевдин карамагындагы 9 баш кара мал, 3 баш эчки, 11 тоок, 2 итке эмдөө жасалып, күнүгө клиникалык кароодон өткөрүлүүдө. Малды сойгон 20 чарчы метр жер жана айланасы тазаланып, өрттөлүп, 2 метр тереңдикке ветеринардык адистер менен бирге көмүлүүдө. Мындан сырткары 20 пайыздык жегич аки ташы менен залалсыздандырылды. Учурда 2015-жылдын 9-февраль күнү Көк-Таш айылынын айланасындагы 3 баш жылкы, 261 баш кара мал, 461 баш кой-эчки эмдөөдөн өткөрүлдү",- деди башкы ветеринардык инспектор. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан