Ливиядагы теракттан каза тапкан кыргызстандыктардын сөөктөрү Бишкекке алынып келип, туугандарына берилди

Ливиядагы теракттан каза тапкан 3 кыргызстандыктын сөөгү 7-февраль күнү Бишкекке алынып келип, туугандарына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу бүгүн, 9-февралда SUPER.KG порталына Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Турдакун Сыдыков билдирди. "Ливияда биздин өкүлчүлүк болбогондуктан, биз ага жакын жайгашкан консулдукка кайрылганбыз. Тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлгөн соң, террордук чабуулдан улам каза тапкан 3 кыргызстандыктын сөөгү 7-февраль күнү Стамбул шаарына жеткирилген. Ошол эле күнү кечинде маркумдардын сөөктөрү Кыргызстанга алынып келинди. Бишкектен бул иш боюнча түзүлгөн комиссиялык топ тиешелүү процессуалдык иш-чараларды жүргүзүп, маркумдардын сөөктөрүн туугандарына өткөрүп беришти",- дейт Т.Сыдыков. 

Эске сала кетсек, 27-январда Ливиянын Триполи шаарындагы "Corinthia" деген аталыштагы мейманканага террорчулардын куралдуу кол салуусунан жалпы 10 адам каза тапкан. Окуяга күбө болгондордун айтымында, кол салууну бет кап кийген куралчан беш адам ишке ашырган. Чабуул маалында имараттын жанындагы унаа да жардырылган. Кол салууга жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” радикалдуу тобу өз моюнуна алды. Көз жумгандардын арасында АКШ, Франция, Ливия жана Кыргызстандын 3 жараны бар болгон. 

"S.Group International" кыргыз компаниясында эмгектенип келген 28 жаштагы авиаинженер Замир Бекетаев жана Гүлзина Бешбакова, Галина Колосветова аттуу стюардессалар каза табышкан. Кыргызстандык жарандар кезектеги Стамбул-Триполи каттамы менен Ливияга барып, теракт учурунда отелде эс алып жатышкан. 

"S.Group International" компаниясы өткөн жылы Airbus A320-200 учагын Триполи шаарындагы "Барак Эйр" ливиялык компаниясына лизингге бергени белгилүү болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан